КОШОК
КОШОК – элдик оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары – аялы, кызы, карындашы, келини ж. б. тууган-туушкандары кошокту өзгөчө обон м-н ый аралаш айтышкан. Анда каза болгон адамдын кулк-мүнөзү, ишмердиги, адамкерчилиги, башка асыл сапаттары билдирилген, айрым сатиралык мүнөздөгү кошоктордо маркумдун терс сапаттары да айтылган. Белгилүү кошокчулар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. Аларды атайылап алдырып, коштурушкан. Кошок Орхон- Енисей жазууларында, Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгүндө», элдик эпостордо учурайт. Кошоктун акындар тарабынан чыгарылган мыкты үлгүлөрү да бар (мисалы, Тоголок Молдонун «Дыйкандын аялынын кошогу», «Устанын аялынын кошогу»). Элдик салт боюнча кыз бергенде да кошушкан. Кошок азыркы учурда прозалык, поэтикалык, драмалык чыгармаларда айрым турмуштук көрүнүштөрдү чагылдыруу, образды айкыныраак ачуу, тексттин маани-маңызын тереңдетүү максатында колдонулат (мисалы, Ч. Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде, ошондой эле «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман-эне жөнүндөгү уламышта ж. б.).
Ад.: Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1972; Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.