КОШОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЙ (мурдагы Ленин-Жол), А л ч а л ы – Чүй районундагы кыштак. С. Ибраимов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол беке­ти Токмок шаарынан 19 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1935-ж. орношкон. Калкы 1947 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.