КОШОЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШОЙ (мурдагы Ленин-Жол), А л ч а л ы – Чүй районундагы кыштак. С. Ибраимов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 19 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1935-ж. орношкон. Калкы 1830 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.