КОШКУЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШКУЧ , м у ф т а – вал, түтүк, болот аркан, кабель ж. б. ларды туруктуу же убактылуу би­риктиргич түзүлмө. Кошкуч бириктиргич ж-а кый­мыл өткөргүч болуп бөлүнөт. Б и р и к т и р г и ч кошкуч тетиктердин бекем биригишин, жыл­чыксыз бекишин, коррозиядан сакталышын камсыз кылат. К ы й м ы л ө т к ө р г ү ч кошкуч октору бири бирине туура келген бир октол­гоочтон экинчисине же октолгоочтон ага бош кийгизилген тетикке (шкивге, тиштүү дөңгөлөк­кө) айлануу кыймылын берүү үчүн колдонулат. Кошкучтар эң кичинеден баштап эң чоң (бир нече миң

Кошкуч. Туруктуу бириктиргич муфталар: а – бе­кем толуктабас втулкалуу; б – бекем толуктооочу тиштүү муфта; в – эки синхрондуу эмес шарнирлүү муфталардын айкалышы; г – втулка-урчуктуу; е –жапкычтуу муфта. 1– бириктирилүүчү валдар; 2 –муфтанын втулкасы; 3 – сырткы тиштүү втулка; 4 – ички тиштүү обойма; 5 – жарым муфталар; 6 – орто аралык вал; 7 – орто аралык диск; 8 – ийилчээк кабык; – валдын туурасынан жылышы; – вал­дын бурчтук жылышы.

кВт) моменттерди, кубаттуулуктарды берүү үчүн колдонулат. кошкучтарда моменттерди берүү кый­мылсыз бириктирилген кинематикалык жуптар түрүндөгү тетиктердеги механикалык байланыштар (геометриялык байланыштагы кошкуч); сүрүлүү же магнит күчтөрү (күч байланыштагы кошкуч); инерциялык же электр­магнит талаасынын индукциялык күчтөрү (ди­намикалык байланыштагы кошкуч) м-н жүргүзүлөт. Иштөө мүнөзү ж-а негизги милдети боюнча кошкучтар туруктуу бириктиргич; башкаруу системасы ар­кылуу валдарды бириктирип ж-а ажыратып туруучу башкарылма; режими өзгөрүлгөндө вал­дарды бириктирүүнү, ажыратууну автоматтык түрдө аткарган өзүн өзү башкаргыч; машинанын иштөө шарты бузулуп, коркунуч туудурганда валдарды ажыратып жибере турган сактагыч ж-а сыйгаланма болуп бөлүнөт. Бул кошкучтар ат­каруучу ишине ж-а жасалышына жараша түргө бөлүнөт.