КОШКУЧ
КОШКУЧ , м у ф т а – вал, түтүк, болот аркан, кабель ж. б. ларды туруктуу же убактылуу бириктиргич түзүлмө. Кошкуч бириктиргич ж-а кыймыл өткөргүч болуп бөлүнөт. Б и р и к т и р г и ч кошкуч тетиктердин бекем биригишин, жылчыксыз бекишин, коррозиядан сакталышын камсыз кылат. К ы й м ы л ө т к ө р г ү ч кошкуч октору бири бирине туура келген бир октолгоочтон экинчисине же октолгоочтон ага бош кийгизилген тетикке (шкивге, тиштүү дөңгөлөккө) айлануу кыймылын берүү үчүн колдонулат. Кошкучтар эң кичинеден баштап эң чоң (бир нече миң

кВт) моменттерди, кубаттуулуктарды берүү үчүн колдонулат. кошкучтарда моменттерди берүү кыймылсыз бириктирилген кинематикалык жуптар түрүндөгү тетиктердеги механикалык байланыштар (геометриялык байланыштагы кошкуч); сүрүлүү же магнит күчтөрү (күч байланыштагы кошкуч); инерциялык же электрмагнит талаасынын индукциялык күчтөрү (динамикалык байланыштагы кошкуч) м-н жүргүзүлөт. Иштөө мүнөзү ж-а негизги милдети боюнча кошкучтар туруктуу бириктиргич; башкаруу системасы аркылуу валдарды бириктирип ж-а ажыратып туруучу башкарылма; режими өзгөрүлгөндө валдарды бириктирүүнү, ажыратууну автоматтык түрдө аткарган өзүн өзү башкаргыч; машинанын иштөө шарты бузулуп, коркунуч туудурганда валдарды ажыратып жибере турган сактагыч ж-а сыйгаланма болуп бөлүнөт. Бул кошкучтар аткаруучу ишине ж-а жасалышына жараша түргө бөлүнөт.