КОШИЦЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ШИЦЕ – Словакиядагы шаар. Словак кен­таштуу тоолорунун этегинде жайгашкан. Кал­кы 245,2 миң (2006); калкынын саны боюнча Сло­вакиядагы 2-шаар. Жолдор тоому. Металлур­гия комбинаты, оор машина куруу, магнезит иштетүүчү, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жай иш­каналары иштейт. Университет бар. Готика стилинде­ги собор (14–15-кылымдар), 14–18-кылымдардагы архитектуралык эс­теликтер сакталган.