КОШИЦЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́ШИЦЕ – Словакиядагы шаар. Словак кенташтуу тоолорунун этегинде жайгашкан. Калкы 245,2 миң (2006); калкынын саны боюнча Словакиядагы 2-шаар. Жолдор тоому. Металлургия комбинаты, оор машина куруу, магнезит иштетүүчү, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Готика стилиндеги собор (14–15-кылымдар), 14–18-кылымдардагы архитектуралык эстеликтер сакталган.