КОШ-ДӨБӨ (Москва районундагы кыштак)
КОШ-ДӨБӨ – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Беловодский айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Беловодский кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 6 км. Калкы 1394 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана бар.