КОШ-ДӨБӨ (Москва районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ-ДӨБӨ – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Беловодский айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Беловодский кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 6 км. Калкы 1080 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана бар.