КОШ-ДӨБӨ (Ак-Талаа районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОШ-ДӨБӨ to КОШ-ДӨБӨ (Ак-Талаа районундагы кыш­так)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ДӨБӨ (1936-жылга чейин М ы н а - К е л д и) – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыш­так. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. На­рын – Макмал автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2125 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Баетов кыштагынан 86 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 386 км. Кыш­так 1929-жылы орношкон. Калкы 3998 (2022); не­гизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб, бала бакча, оорукана, поликли­ника, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.