КОШ-ДӨБӨ (Ак-Талаа районундагы кыштак)
(КОШ-ДӨБӨ барагынан багытталды)
КОШ-ДӨБӨ (1936-жылга чейин М ы н а - К е л д и) – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. Нарын – Макмал автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2125 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 86 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 386 км. Кыштак 1929-жылы орношкон. Калкы 3998 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, оорукана, поликлиника, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.