КОШ-АЛМУРУТ
КОШ-АЛМУРУТ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1075 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала- Бука кыштагынан 10 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1919-жылы негизделген. Калкы 1654 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мончо бар. Тегирмен, май жуаздар иштейт.