КОШ-АЛМУРУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-АЛМУРУТ – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1075 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала- Бука кыштагынан 10 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1919-жылы негиз­делген. Калкы 1726 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мончо бар. Тегирмен, май жуаздар иштейт.