«КӨР УУЛУ»
«КӨР УУЛУ» – Орто Азия, Кавказ ж-а Жакынкы Чыгышка таралган фольклордук чыгарма. 16-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Анын эки версиясы бар. Бири Батышка (армян, түрк, азербайжан, грузин версиясы), экинчиси Чыгышка (түркмөн, өзбек, казак, тажик версиясы) таралган. Батыш версиясы боюнча каарман – атасын сокур кылган зулумдан өч алуучу (Көр уулу деген ушундан калган) элдик баатыр ж-а төкмө ырчы. Мында окуя өзүнчө аңгеме түрүндө баяндалат. Аңгемелер лирикалык ж-а эпикалык ырлардан куралган кыстырмалар м-н айкалышта берилет. «Көр уулу» жарым-жартылай тарыхый, жарым-жартылай уламыш мүнөзүнө ээ. Тарыхыйлыгына 16–17-кылымдардагы документтер күбө (мисалы, армян тарыхчысы Аракел Тавризскийдин Стамбул китепканасындагы архив материалы). Түрк версиясы боюнча (Жакынкы Чыгышта) «Көр уулу» чакан повесть түрүндө калыптанган. Анын каарманы – жергиликтүү феодал Болубийге каршы күрөшкөн качкын. Орто Азия версияларынын Батыштыкынан айырмаланган белгилери баш каарман энесинен көрүстөндө туулган үчүн Көр уулу аталган, тектүү жерден чыккан адилет башчы болот; кырк чоросу м-н мекенин коргоп, коңшу феодалдарга каршы согушат. «Көр уулунун» бардык версияларында каарман теңдик м-н бир туугандык өкүм сүргөн Шамлыбел деген ажайып өлкөдө жашаганы айтылат. Орто Азия версиялары жомоктук, фантастикалык көрүнүштөргө бай. «Көр уулунун» образы аркылуу элдин баатыр, калыс ж-а чынчыл падыша жөнүндөгү идеалы берилген.