«КӨР УУЛУ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КӨР УУЛУ» – Орто Азия, Кавказ ж-а Жакынкы Чы­гышка таралган фольклордук чыгарма. 16-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Анын эки версия­сы бар. Бири Батышка (армян, түрк, азербай­жан, грузин версиясы), экинчиси Чыгышка (түркмөн, өзбек, казак, тажик версиясы) тарал­ган. Батыш версиясы боюнча каарман – атасын сокур кылган зулумдан өч алуучу (Көр уулу де­ген ушундан калган) элдик баатыр ж-а төкмө ырчы. Мында окуя өзүнчө аңгеме түрүндө баян­далат. Аңгемелер лирикалык ж-а эпикалык ырлардан куралган кыстырмалар м-н айкалыш­та берилет. «Көр уулу» жарым-жартылай тарыхый, жарым-жартылай уламыш мүнөзүнө ээ. Тары­хыйлыгына 16–17-кылымдардагы документтер күбө (мисалы, армян тарыхчысы Аракел Тавризскийдин Стамбул китепканасындагы архив материалы). Түрк версиясы боюнча (Жакынкы Чыгышта) «Көр уулу» ча­кан повесть түрүндө калыптанган. Анын каар­маны – жергиликтүү феодал Болубийге каршы күрөш­көн качкын. Орто Азия версияларынын Батыш­тыкынан айырмаланган белгилери баш каар­ман энесинен көрүстөндө туулган үчүн Көр уулу аталган, тектүү жерден чыккан адилет башчы болот; кырк чоросу м-н мекенин коргоп, коңшу феодалдарга каршы согушат. «Көр уулунун» бардык версияларында каарман теңдик м-н бир тууган­дык өкүм сүргөн Шамлыбел деген ажайып өл­көдө жашаганы айтылат. Орто Азия версиялары жомоктук, фантастикалык көрүнүштөргө бай. «Көр уулунун» образы аркылуу элдин баатыр, ка­лыс ж-а чынчыл падыша жөнүндөгү идеалы бе­рилген.