КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ
КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7 миң жылдыктар) таандык археологиялык эстелик. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндөгү Кочкор – Ак-Жол коктусунда жайгашкан. Таштын cыныктары, жалпак таштар, таштын чордону табылган. 1968-жылы Кыргыз археологиялык экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) ачкан.