КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР – АК-ЖОЛ МЕЗОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7 миң жыл­дыктар) таандык археологиялык эстелик. Нарын обл­усунун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндөгү Кочкор – Ак-Жол коктусунда жай­гашкан. Таштын cыныктары, жалпак таштар, таштын чордону табылган. 1968-жылы Кыргыз археологиялык экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) ачкан.