КОЧКОР (бычылбаган эркек кой)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 9 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЧКОР 1 to КОЧКОР (бычылбаган эркек кой)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР – бычылбаган эркек кой. Ал 4–5 ай­лыгында жетилет. Жетилгенде өзүнчө короого бөлүнүп, 7–8 жашка чейин куутка кошулат. Кочкор болуучу козуга кочкорок кезинен көз салып, анын породасына, кунардуулугуна, дене түзүлү­шүнө ж. б. көңүл бурулат. Калтырылган кочкор козу кочкор кезинде (1,5 жашында) 50–100 кой куу­дурулуп, төл боюнча ага баа берилет. Колдон урук­тандырууда бир кочкордун уругу 200–500 койго же­тет. Кочкордун рационунда протеин, витамин, ми­нерал зат мол болууга тийиш.