КОЧКОР (бычылбаган эркек кой)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОР – бычылбаган эркек кой. Ал 4–5 айлыгында жетилет. Жетилгенде өзүнчө короого бөлүнүп, 7–8 жашка чейин куутка кошулат. Кочкор болуучу козуга кочкорок кезинен көз салып, анын породасына, кунардуулугуна, дене түзүлүшүнө ж. б. көңүл бурулат. Калтырылган кочкор козу кочкор кезинде (1,5 жашында) 50–100 кой куудурулуп, төл боюнча ага баа берилет. Колдон уруктандырууда бир кочкордун уругу 200–500 койго жетет. Кочкордун рационунда протеин, витамин, минерал зат мол болууга тийиш.