КОХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 9 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОХ Роберт (11. 12. 1843, Клаусталь, Төмөнкү Саксония – 27. 5. 1910, Баден-Баден) –

немис бактериологу, азыркы эпидемиология ж-а бак­териологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Петер­бург ИАнын чет элдик мүчөсү (1884). Гёттинген университетин бүтүргөн (1866). Вольштейнде санитардык-врач (1872–80) болуп иштеп, үй лабораториясында 1-мик­робиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Берлин университети­нин профессору ж-а гигиена институтунун (1885–91) ж-а Берлиндеги жугуштуу оорулар институтунун дирек­тору (1891–1904), кийин ал институтка анын ысмы коюлган. Ал өзүнүн жардамчылары м-н дене­ден сырткары бактерия культурасын өстүрүп, анын оорунун себепчиси экендигин далилдеген. Негизги илимий иштери жугуштуу оорулардын коз­гогучтарын – микроорганизмдерди табуу ж-а ага каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгууга ба­гытталган. Сибирь жарасынын, туберкулёздун (1882), холеранын (1883) козгогучтарын (1890) тапкан. Бактерия спорасынын оорунун таралы­шындагы маанисин көрсөткөн, бактериологиялык изил­дөө ыкмаларын иштеп чыккан ж-а дезинфек­ция жолдорун сунуш кылган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1905).

Ад.: Яновская М. И. Р. Кох. М., 1962.