КОХ
КОХ Роберт (11. 12. 1843, Клаусталь, Төмөнкү Саксония – 27. 5. 1910, Баден-Баден) –

немис бактериологу, азыркы эпидемиология ж-а бактериологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Петербург ИАнын чет элдик мүчөсү (1884). Гёттинген университетин бүтүргөн (1866). Вольштейнде санитардык-врач (1872–80) болуп иштеп, үй лабораториясында 1-микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Берлин университетинин профессору ж-а гигиена институтунун (1885–91) ж-а Берлиндеги жугуштуу оорулар институтунун директору (1891–1904), кийин ал институтка анын ысмы коюлган. Ал өзүнүн жардамчылары м-н денеден сырткары бактерия культурасын өстүрүп, анын оорунун себепчиси экендигин далилдеген. Негизги илимий иштери жугуштуу оорулардын козгогучтарын – микроорганизмдерди табуу ж-а ага каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган. Сибирь жарасынын, туберкулёздун (1882), холеранын (1883) козгогучтарын (1890) тапкан. Бактерия спорасынын оорунун таралышындагы маанисин көрсөткөн, бактериологиялык изилдөө ыкмаларын иштеп чыккан ж-а дезинфекция жолдорун сунуш кылган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1905).
Ад.: Яновская М. И. Р. Кох. М., 1962.