АККАД ТИЛИ
АККАД ТИЛИ (вавилон‑ассирия, ассирия‑вавилон тили) – семит тилдеринин бири. Месопотамиянын жана Ассирия (азыркы Ирак) элдеринин байыркы тили. Диахрондук жана аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (биздин заманга чейин 2‑миң жылдыктын ортосунан бери) жана жаңы вавилон (биздин заманга чейин 2‑миң жылдыктын ортосуна чейин). Жазмасы – муундук клинопись. Эң байыркы жазма эстеликтери биздин заманга чейин 25‑кылымга, кийинкилери биздин заманга чейин 1‑кылымга таандык.