АККАД ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККАД ТИЛИ (вавилон‑ассирия, ассирия‑вави­лон тили) – семит тилдеринин бири. Месопо­тамиянын жана Ассирия (азыркы Ирак) элдери­нин байыркы тили. Диахрондук жана аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (биздин заманга чейин 2‑миң жылдыктын ортосунан бери) жана жаңы вави­лон (биздин заманга чейин 2‑миң жылдыктын ортосуна чей­ин). Жазмасы – муундук клинопись. Эң байыр­кы жазма эстеликтери биздин заманга чейин 25‑кылымга, кийин­килери биздин заманга чейин 1‑кылымга таандык.