КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРМАЦИЯ
КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРМА́ЦИЯ – тарыхты материалисттик таанып билүүнүн негизги, өзөктүү түшүнүгү; марксизмдин коомдук өнүгүү жөнүндөгү теориясынын башкы постулаты; адамзаттын бүткүл дүйнөлүк тарыхындагы коомдук өнүгүү нормаларынын (беш баскычынын: алгачкы жамааттык коом, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик ж-а социалисттик) мүнөздөмөсү. Коомдук-экономикалык формация түшүнүгүн коом турмушун изилдөөгө колдонуу м-н коомдук өнүгүүнүн бир баскычында өлкөлөрдө ошол баскычтын белгилери кайталана турганын марксисттер биринчи жолу далилдешкен. АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия ж. б. өлкөлөр өз-өзүнчө закондор боюнча өнүкпөстөн, баарына тең бирдей жалпы закон м-н өнүгөрү, демек ал закон баарында кайталанары белгиленди. Тарыхый материализмдин теориясында жогоруда аталган беш коомдук-экономикалык формациядан тышкары төмөнкүдөй үч м е г а ф о р м а ц и я тууралуу түшүнүктөр кездешет: архаикалык формация – анда байлыктын негизги булагы болуп жаратылыш эсептелген; экономикалык формация – ал жеке менчикке ж-а байлыктын булагы болуп эсептелген эмгекке негизделген; 3) коммунисттик формация – ал коомдук менчикке ж-а коомдун негизги капиталы болуп эсептелген адамды өнүктүрүүгө таянат.