КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРМАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРМА́ЦИЯ – тарыхты материалисттик таанып билүүнүн не­гизги, өзөктүү түшүнүгү; марксизмдин коомдук өнүгүү жөнүндөгү теориясынын башкы постулаты; адамзаттын бүткүл дүйнөлүк тарыхындагы коомдук өнүгүү нормаларынын (беш баскычы­нын: алгачкы жамааттык коом, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик ж-а социалисттик) мүнөздөмөсү. Коомдук-экономикалык формация түшүнүгүн коом турмушун изилдөөгө колдонуу м-н коомдук өнүгүүнүн бир баскычында өлкөлөрдө ошол баскычтын белги­лери кайталана турганын марксисттер биринчи жолу далилдешкен. АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия ж. б. өлкөлөр өз-өзүнчө за­кондор боюнча өнүкпөстөн, баарына тең бирдей жалпы закон м-н өнүгөрү, демек ал закон баа­рында кайталанары белгиленди. Тарыхый ма­териализмдин теориясында жогоруда аталган беш коомдук-экономикалык формациядан тышкары төмөнкүдөй үч м е г а ­ф о р м а ц и я тууралуу түшүнүктөр кездешет: архаикалык формация – анда байлыктын негизги булагы болуп жаратылыш эсептелген; экономикалык формация – ал жеке менчикке ж-а бай­лыктын булагы болуп эсептелген эмгекке негиз­делген; 3) коммунисттик формация – ал коом­дук менчикке ж-а коомдун негизги капиталы болуп эсептелген адамды өнүктүрүүгө таянат.