КООМДУК ИНСТИТУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМДУК ИНСТИТУ́Т – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коом­дук функцияларды аткарууга багытталган адам­дардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топ­тому. Мисалы үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, са­ламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук тур­муштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод, фабрика, банк, базар ж-а фирмалар; 2) социал­дык – ар кыл социалдык ж-а жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча ишмердик. Со­циалдык чөйрөгө караган институттар: коммунал­дык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, бай­ланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом м-н мамлекет, мамлекет м-н саясий пар­тиялар ортосундагы мамилелер. Саясий систе­мага караштуу институттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) ру­хий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, тар­катуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн институттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театр­лар, музейлер.