КООМДУК ИНСТИТУТ
КООМДУК ИНСТИТУ́Т – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коомдук функцияларды аткарууга багытталган адамдардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топтому. Мисалы үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук турмуштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод, фабрика, банк, базар ж-а фирмалар; 2) социалдык – ар кыл социалдык ж-а жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча ишмердик. Социалдык чөйрөгө караган институттар: коммуналдык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, байланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом м-н мамлекет, мамлекет м-н саясий партиялар ортосундагы мамилелер. Саясий системага караштуу институттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) рухий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, таркатуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн институттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театрлар, музейлер.