КООМ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМ АРАЛДАРЫ (О las de la Socittt), Ж о л­ д о ш т у к а р а л д а р ы – Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,6 миң км2 (эң ириси – Таити). Жанартоодон пайда болгон. Бийиктиги 2241 мге чейин (Таити аралында). Нымдуу тропик токою басымдуу. Тропиктик дыйканчы­лык өнүккөн, балык кармалып, бермет чогул­тулат. Административдик борбору – Папеэте (Таити аралында).
Лондон король коомунун атынан аталган.