КООМ АРАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КООМ АРАЛДАРЫ (О las de la Socittt), Ж о л д о ш т у к а р а л д а р ы – Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,6 миң км2 (эң ириси – Таити). Жанартоодон пайда болгон. Бийиктиги 2241 мге чейин (Таити аралында). Нымдуу тропик токою басымдуу. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн, балык кармалып, бермет чогултулат. Административдик борбору – Папеэте (Таити аралында).
Лондон король коомунун атынан аталган.