КОО-ЧАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОО-ЧАТЫ – Ош облусунун Кара-Кулжа районун­дагы кыштак. Кызыл-Жар айыл округуна ка­раштуу. Чычырканак суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 2490 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кара-Кулжа кыштагынан 110 км чыгыш та­рапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 198 км. Калкы 2273 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто ж-а негизги мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.