КОО-ЧАТЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОО-ЧАТЫ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл округуна караштуу. Чычырканак суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 2490 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 110 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 198 км. Калкы 2456 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто ж-а негизги мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.