КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ЗОНАСЫ – Дүйнөлүк океан бетиндеги агымдардын бири бирине кездешип, суунун чөккөн аймагы. Адатта, жылуу ж-а муз­дак суулардын кошулган жеринде пайда болот. Конвергенция зонасы океан табиятынын эң негизги бөлүгү ката­ры тереңдиктеги катмарын салыштырмалуу жогорку температура ж-а кычкылтек м-н камсыз кылат. Дүйнөлүк океанда туруктуу 4 конвергенция зонасы бел­гиленген: түндүк ж-а түштүк субполярдык м-н түндүк ж-а түштүк субтропиктик. Түштүк уюлга жакын конвергенция зонасы 50° ж-а 60° түштүк кеңдиктердин аралыгында Жер шарын курчап жатат.