КОНВЕРГЕНЦИЯ ЗОНАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНВЕРГЕ́НЦИЯ ЗОНАСЫ – Дүйнөлүк океан бетиндеги агымдардын бири бирине кездешип, суунун чөккөн аймагы. Адатта, жылуу ж-а муздак суулардын кошулган жеринде пайда болот. Конвергенция зонасы океан табиятынын эң негизги бөлүгү катары тереңдиктеги катмарын салыштырмалуу жогорку температура ж-а кычкылтек м-н камсыз кылат. Дүйнөлүк океанда туруктуу 4 конвергенция зонасы белгиленген: түндүк ж-а түштүк субполярдык м-н түндүк ж-а түштүк субтропиктик. Түштүк уюлга жакын конвергенция зонасы 50° ж-а 60° түштүк кеңдиктердин аралыгында Жер шарын курчап жатат.