КОНВЕНЦИЯ
КОНВЕ́НЦИЯ (лат. conventio – макулдашуу) – эл аралык укук субъектилеринин ортосундагы келишимдердин бир түрү. Анда мамлекеттердин ж-а эл аралык укуктун башка субъектилеринин саясий, экономикалык, юридикалык, экологиялык, аскердик, гуманитардык, ошондой эле деңиз, аба, космос тармактарындагы укуктар м-н милдеттер катталат. Конвенция укуктук жарыя мүнөздөгү документ катары (к. Эл аралык келишим) 19-кылымда пайда болуп, алгач саясий же конституциялык милдетти аткарган. Конвенция институту 20-кылымда өзгөчө өнүгүүгө ээ болгон. БУУнун системасында конвенция универсалдуу эл аралык документ катары белгилүү.