КОНВЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕ́НЦИЯ (лат. conventio – макулдашуу) – эл аралык укук субъектилеринин ортосундагы келишимдердин бир түрү. Анда мамлекеттердин ж-а эл аралык укуктун башка субъектилери­нин саясий, экономикалык, юридикалык, экологиялык, аскердик, гума­нитардык, ошондой эле деңиз, аба, космос тармак­тарындагы укуктар м-н милдеттер катталат. Конвенция укуктук жарыя мүнөздөгү документ катары (к. Эл аралык келишим) 19-кылымда пайда болуп, алгач саясий же конституциялык милдетти ат­карган. Конвенция институту 20-кылымда өзгөчө өнүгүүгө ээ бол­гон. БУУнун системасында конвенция универсалдуу эл аралык документ катары белгилүү.