КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ
КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ – жалпы бир башкарууга бириктирилген ар түрдүү автоматтык түзүлүштөрдүн жардамы м-н берилген программалар ж-а режимдер аркылуу материалдарды иштетүү боюнча операциялардын жалпы комплекси; автоматтык машиналардын ж-а технологиялык агрегаттардын системасы м-н аткарылуучу өндүрүштү автоматташтыруу этабы. Комплекстүү автоматташтырууда технологиялык процессти башкаруудагы адамдын милдетине процесстин жүрүшүн байкоо, анын көрсөткүчтөрүн талдоо ж-а жабдуулардын эң жакшы иштөө режимин тандоо кирет. Комплекстүү автоматташтыруу өндүрүштүк процессти башкарууну борборлоштурууга, иштеген адамдын санын азайтууга, жабдуулардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Комплекстүү автоматташтыруу – автомат-заводдорду ж-а автомат-цехтерди түзүү даражасына жеткен өндүрүштү толук автоматташтырууга өтө турган баскыч.