КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛЕКСТҮҮ АВТОМАТТАШТЫРУУ – жал­пы бир башкарууга бириктирилген ар түрдүү автоматтык түзүлүштөрдүн жардамы м-н берил­ген программалар ж-а режимдер аркылуу мате­риалдарды иштетүү боюнча операциялардын жалпы комплекси; автоматтык машиналардын ж-а технологиялык агрегаттардын системасы м-н ат­карылуучу өндүрүштү автоматташтыруу этабы. Комплекстүү автоматташтырууда технологиялык процессти башкаруудагы адам­дын милдетине процесстин жүрүшүн байкоо, анын көрсөткүчтөрүн талдоо ж-а жабдуулардын эң жакшы иштөө режимин тандоо кирет. Комплекстүү автоматташтыруу өндүрүштүк процессти башкарууну борбор­лоштурууга, иштеген адамдын санын азайтуу­га, жабдуулардын өндүрүмдүүлүгүн жогорула­тып, продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Комплекстүү автоматташтыруу – автомат-заводдорду ж-а автомат-цехтерди түзүү даражасына жеткен өндүрүштү толук автоматташтырууга өтө тур­ган баскыч.