КОМБИНАТОРИКА ТОПОЛОГИЯСЫ
КОМБИНАТО́РИКА ТОПОЛОГИЯСЫ – топологиянын геометриялык фигуралардын топологиялык касиеттерин элементардык фигураларга (мисалы, симплекстерге) бөлүү жолу м-н изилдөөчү бир бөлүгү. Комбинаторика топологиясында Беттин группасы, Беттин саны, Пуанкаре мүнөздөмөсү ж. б. топологиялык мүнөздөмөлөр каралат. Комбинаторика топологиясынын методдору аркылуу көптөгөн топологиялык теоремалар далилденген. к. Топология.
Ад.: Понтрягин Л. С. Основы комбинаторной топологии. 4-е изд. М., 2004.