КОМБИНАТОРИКА ТОПОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМБИНАТО́РИКА ТОПОЛОГИЯСЫ – тополо­гиянын геометриялык фигуралардын топологиялык касиеттерин элементардык фигураларга (мисалы, симплекстерге) бөлүү жолу м-н изилдөөчү бир бөлүгү. Комбинаторика топологиясында Беттин группасы, Беттин саны, Пуанкаре мүнөздөмөсү ж. б. топологиялык мүнөздөмөлөр кара­лат. Комбинаторика топологиясынын методдору аркылуу көптөгөн то­пологиялык теоремалар далилденген. к. Топология.


Ад.: Понтрягин Л. С. Основы комбинаторной топо­логии. 4-е изд. М., 2004.