КОЛРИЖ
КО́ЛРИЖ Сэмюэл Тейлор (21. 10. 1772, Девоншир Оттери-Сент-Мэри – 25. 7. 1834, Лондон) – англиялык акын ж-а адабий сынчы. 1789-жылы демократиялык маанайдагы «Бастилияны алуу» деген ыры жарыкка чыккан. Кийин консервативдик өңүткө өткөн. Колриж – «Лирикалык балладалар» (1798, У. Вордсворт м-н бирге, бүтпөй калган «Кристабель» поэмасынын (1816-жылы чыккан), («Кубла хан же түштө көргөндөр» фрагментинин (1798), «Картаң моряк жөнүндө поэма» ж. б. чыгармалардын автору. Шекспир тууралуу лекциялары (1849-жылы басылган) ж-а сынчыл эсселери бар. Колриждин поэтикалык чыгармачылыгы 19–20-кылымдардагы англис поэзиясына, Россияда Пушкинге (1830-жылдар) таасир тийгизген.