КОЛРИЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ЛРИЖ Сэмюэл Тейлор (21. 10. 1772, Девон­шир Оттери-Сент-Мэри – 25. 7. 1834, Лондон) – англиялык акын ж-а адабий сынчы. 1789-жылы демократиялык маанайдагы «Бастилияны алуу» деген ыры жа­рыкка чыккан. Кийин консервативдик өңүткө өткөн. Колриж – «Лирикалык балладалар» (1798, У. Вордсворт м-н бирге, бүтпөй калган «Криста­бель» поэмасынын (1816-жылы чыккан), («Кубла хан же түштө көргөндөр» фрагментинин (1798), «Картаң моряк жөнүндө поэма» ж. б. чыгарма­лардын автору. Шекспир тууралуу лекциялары (1849-жылы басылган) ж-а сынчыл эсселери бар. Колриждин поэтикалык чыгармачылыгы 19–20-кылымдардагы анг­лис поэзиясына, Россияда Пушкинге (1830-жылдар) таасир тийгизген.