А КАПЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:24, 11 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

А КАПЕЛЛА (итальянча a cappella — кичинекей чиркөө) — аспап коштоосуз аткарылуучу көп үндүү вокалдык чыгарма. А капелланын көптөгөн үлгүлөрү жазылган. Кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилердеи болуп А капелланын хорун М. Абдраев, Ч. Жумаканов, М.Раухвергер жана башкалар жазышкан.