А КАПЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

А КАПЕЛЛА (итальянча a cappella — кичинекей чиркөө) — аспап коштоосуз аткарылуучу көп үндүү вокалдык чыгарма. А капелланын көптөгөн үлгүлөрү жазылган. Кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилерден болуп А капелланын хорун М. Абдраев, Ч. Жумаканов, М.Раухвергер жана башкалар жазышкан.