МУРАТАЛИЕВ Тентимиш
МУРАТАЛИЕВ Тентимиш [18. 9. 1950-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Жумгал району, Чаек айылы] - домбрачы (прима-плектор). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004), профессор М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын (1969), Ташкент мамлекеттик консерваториясын (1974) бүткөн. 1974-1986-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусство link=Файл:МУРАТАЛИЕВ_1.jpg|left|thumb|МУРАТАЛИЕВ Тентимиш институтунда окутуучу, 1986-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, 1993-2003-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенген. Обончулар М. Рыскулбеков, А. Атабаевдин ырларын, гитара үчүн ондогон обон-күүлөрдү иштеп чыккан. Бир нече илимий-методикалык макалалардын, «Комуз үчүн программанын», «Сольфеджио» (авторлош), «Комузда ойноо» окуу куралынын автору. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.институтунда окутуучу, 1986-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, 1993-2003-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенген. Обончулар М. Рыскулбеков,
А. Атабаевдин ырларын, гитара үчүн ондогон обон-күүлөрдү иштеп чыккан. Бир нече илимий-методикалык макалалардын, «Комуз үчүн программанын», «Сольфеджио» (авторлош), «Комузда ойноо» окуу куралынын автору. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.