МУРАТАЛИЕВ Тентимиш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРАТАЛИЕВ Тентимиш [18. 9. 1950-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Жумгал району, Чаек айылы] - домбрачы (прима-плектор). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004), профессор М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын (1969), Ташкент мамлекеттик кон­серваториясын (1974) бүткөн. 1974-1986-жылдары Б. Бей­шеналиева атындагы искусство

Мураталиев Тентимиш

ин­ститутунда окутуучу, 1986-жыл­дан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, 1993-2003-жылдары Кыргыз улут­тук консерваториясында эмгектенген. Обончулар М. Рыскулбеков, А. Ата­баевдин ырларын, гитара үчүн ондогон обон-күүлөрдү иштеп чыккан. Бир нече илимий-методикалык макалалардын, «Комуз үчүн программанын», «Сольфеджио» (авторлош), «Ко­музда ойноо» окуу куралынын автору. Чет өл­көлөрдө гастролдо болгон.