МУЗЫКАЛЫК УГУМ
МУЗЫКАЛЫК УГУМ - музыкалык добуштардын ,айрым дабыштарын кабылдоо, алардын ортосундагы функциялык байланыштарды туюу жөндөмү. Музыкалык угумдун төмөнкүдөй түрлөрү бар: абсолюттук - музыкалык добуштардын (до, ре, ми жана башкалар) абсолюттук бийиктигин аныктай алуу; салыштырмалуу - добуштардын, интервалдардын ортосундагы добуштук-бийиктик катнаштарды аныктоо; ички - айрым добуштарды жана бүтүндөй музыкалык пьесаны көңүлдө элестетүү жөндөмү. Музыкалык угум музыкалык билим алуу процессинде, тактап айтканда, солъфеджиону үйрөнүү менен өнүктүрүлөт.