МУЗЫКАЛЫК УГУМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЫКАЛЫК УГУМ - музыкалык добуштардын ,айрым дабыштарын кабылдоо, алардын ортосундагы функциялык байланыштарды туюу жөндөмү. М. у-дун төмөнкүдөй түрлөрү бар: абсолюттук - музыкалык добуштардын (до, ре, ми ж. б.) абсолюттук бийиктигин аныктай алуу; салыштырмалуу - добуштардын, интервалдардын ортосундагы добуштук-бийиктик катнаштарды аныктоо; ички - айрым добуштарды жана бүтүндөй музыкалык пьесаны көңүлдө элестетүү жөндөмү. М. у. музыкалык билим алуу процессинде, тактап айтканда, солъфеджиону үйрөнүү менен өнүктүрүлөт.