МУЗЫКАЛЫК СЫН
МУЗЫКАЛЫК СЫН - белгилүү бир эстетикалык көз караштын, түшүнүктүн негизинде музыкалык чыгармачылыктын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы музыкалык чыгармаларды талдоо, изилдөө жана баалоо; музыка таануунун бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этнографиясы изилденет. Музыкалык сын - музыкалык изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. Музыкалык сын рецензия, нотография, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе жана башка түрлөргө бөлүнөт. Музыкалык сын аткаруучулар менен угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптандырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттандырууда негизги ролду ойнойт.