МУЗЫКАЛЫК СЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК СЫН - белгилүү бир эстетика­лык көз караштын, түшүнүктүн негизинде музыкалык чыгармачылыктын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы музыкалык чыгармаларды тал­доо, изилдөө жана баалоо; музыка таануунун бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этногра­фиясы изилденет. Музыкалык сын - музыкалык изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. Музыкалык сын рецензия, нотогра­фия, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе жана башка түрлөргө бөлүнөт. Музыкалык сын аткаруучулар менен угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптан­дырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттан­дырууда негизги ролду ойнойт.