ОРБИТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРБИТА (латынча огЪИа - нук, жол) - 1) асман телосунун (планета, планета жандоочусу, коме­та, Жердин жасалма жандоочусу ж. б.) мейкин­дикте башка бир асман телосуна салыштырма­луу айлануучу кыймыл жолу (траектория). Та­бигый жана жасалма асман телолорунун О. боюнча кыймылы И. Кеплер законуна баш иет. Асман телосунун Күндү айланган О-сынын жерге жа­кынкы чекити - перигелий, ал эми өтө алыскы чекити - афелий деп аталат. Ай же Жердин жасалма жандоочусунун 0-сынын жерге жакын­кы чекити - перигей, ал эми өтө алыс чекити - апогей-, 2) айлана; иш-аракет таралуу чөйрөсү, к. Асман нерселеринин (телолорунун) орби­тасы.